Жикчил террордук уюм ЙПГ/ПКК, ДЕАШтын корбашчысын 100 миң доллар алып эркин кое берди

Жикчил террордук уюм ЙПГ/ПКК, Сириянын Дейризор шаарында кармап алган террордук уюм ДЕАШтын корбашчысын 100 миң доллар алып эркин кое берди.

1104219

Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда ЙПГ/ПКК Дейризордогу кагылышуулар убагында Саид Үвейид аттуу ДЕАШтын корбашчысын кармап алган.

Уюм, 1,5 ай колунда кармагандан кийин Үвейидди 100 миң доллар алып кое берди.

Үвейиддин Дейризордун Таййана аймагындагы үйүндө түлөө берип, майрамдап жатканы белгилүү болду.

Террордук уюм ЙПГ/ПКК август айында да 40 ДЕАШ террористин Ракка облусунун Тель-Абяд районунда кармап алгандан кийин акча алып эркин кое берген.

ЙПГ/ПККнын Африн абагындагы ДЕАШ мүчөлөрүн «Зайтун бутагы» кыймылынын себебинен Түрк куралдуу күчтөрү жана Эркин Сирия армиясына каршы согушуулары шарты менен эркин кое бергендери дагы медиага чагылышкан.

Өлкөнүн орто эсеп менен 28 пайызын басып алган ЙПГ/ПКК, өткөн жылы октябрь айында да Ракка шаар борборунда курчап алган жана андан кийин келишимге жетишкен ДЕАШ террористтерин шаардан чыгарып жиберген.

Тектеш кабарлар