Орусия Францияда болгон митингдер менен байланышы бар деген сөздөрдү четке какты
Песков Францияда болгон митингдерге Орусиянын да аралашкандыгы тууралуу айтылгандарга : «Орусияга карата бул күнөлөө жалаа жабуудан башка эч нерсе эмес»,- деди.
![Орусия Францияда болгон митингдер менен байланышы бар деген сөздөрдү четке какты](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/13dd/a3ea/c284/5af309e8cb024.jpg?time=1718734406)
Кремлдин катчысы Дмитрий Песков Орусиянын Франциядагы митингдерге кийгилигишкенине карата айтылгандардын чындыкты чагылдырбагандыгын белгиледи. Песков борбор шаар Москвада берген маалыматында Орусиянын сары желектүүлөрдүн Францияда уланып жаткан митингдерине колдоо бергендигине карата айтылгандарды карап чыкты.
Франция жана эч бир өлкөнүн ички иштерине аралашпагандарын жана аралашышпай тургандарын айткан Песков : «Франциянын эгемендигине сый көрсөтөбүз жана эки тараптуу карым - катнаштарыбыздын өнүгүшү үчүн да аракет кылуудабыз»,- деди.
Песков Францияда болгон митингдерге Орусиянын да аралашкандыгы тууралуу айтылгандарга : «Орусияга карата бул күнөлөө жалаа жабуудан башка эч нерсе эмес»,- деди.
Кээ бир батыштык медиа органдарында орун алган сөздөргө караганда Орусия чалгындоосунун Франциядагы митингдерде сары желектүүлөргө колдоо бергендиги ортого салынган.
Кремль байланышы болгон көп сандаган твиттер эсебинин социалдык медиа аркылуу кээ бир көз караштарды ишке ашырууга карата сөздөрдөн кийин Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан : «Бул тууралуу бир териштирүү баштадык. Тергөөдөн жыйынтык чыкпастан бир нерсе айта албаймын»,- деди.
Тектеш кабарлар
![Газада 37 миң 372 адам каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/9ade/0a35/d862/66717173928b9.jpeg?time=1718734407)
Газада 37 миң 372 адам каза болду
Газа өкмөтүнүн медиа кеңсеси Газа тилкесиндеги ачкачылык кризисине байланыштуу маалымат берди.