Керкүктө ДЕАШ операциясы

ДЕАШ мүчөсү 12 террорист камоого алынды.

1103860
Керкүктө ДЕАШ операциясы

Ирактын Керкүк шаарынын түштүгүндө коопсуздук күчтөрү тарабынан баштатылган эки операцияда шаарга кирип террордук кыймыл үчүн даярданган ДЕАШ мүчөсү 12 террорист камоого алынды.

Ирак борбордук өкмөткө караштуу террор менен күрөшүү боюнча полиция күчтөрүнүн 2 -  двизиянын командири Маан ес  - Саиди  Керкүктүн түштүгүндө кызмат кылган коопсуздук күчтөрү тарабынан баштатылган операцияларда террористтер жана көп сандаган ок  - дарынын да колго түшүрүлгөндүгүн билдирди.

Саиди : «Камоолор шаардын түштүгүндө жүргүзүлгөн операцияларда ишке ашырылды. Аймактан келген чалгындоо маалыматтары каралып, операция баштатылды»,- деди. Камоого алынган террористтердин Керкүк шаар борборунда террордук кыймылына даярдыгында экендигин билдирген Саиди : «Керкүк шаар борборуна мыйзам тышы жолдор менен кирип бул жерде террордук кол салууларды ишке ашыруу жана шаардын коопсуздугун бутага алууну каалагандардын баары камалды»,- деди.

 



Тектеш кабарлар