Израиль аскерлери 16 палестиналыкты камоого алды

Басып алынган Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста бат  - бат үйлөрдү тинткен Израиль күчтөрү түрдүү ойлор менен палестиналыктарды камоого алууда.

1104091
Израиль аскерлери 16 палестиналыкты камоого алды

Израиль аскерлери басып алган Батыш Шериада 16 палестиналыкты камоого алды.

Израиль армиясынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Батыш Шерианын түрдүү аймактарында түнү жүргүзүлгөн операцияларда «террордук кыймылдарга аралашты» деген негиз менен 16 палестиналык камоого алынды. Маалыматта камоого алынган палестиналыктардын тергөөгө алынышы үчүн аймактагы камоо борборуна жиберилгендиги белгиленди. Маалыматта өзгөчө Израиль күчтөрүнүн кечээ кечинде Батыш Шериадагы Офра еврей отурукташуу жерине жакын 6 еврей отурукташуучуга кол салган палестиналыктарды издегендиги белгиленди.

Израилдин премьер  - министри Беньямин Нетаньяху болсо кечээ ишке ашырган кыймылы тууралуу берген жазуу түрүндөгү маалыматта : «Коопсуздук күчтөрү кылмышкерлерди кармаганга чейин операцияларын улантат»,- деди.

Басып алынган Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста бат  - бат үйлөрдү тинткен Израиль күчтөрү түрдүү ойлор менен палестиналыктарды камоого алууда.

Палестина расмий булактарына караганда Израиль абактарында 6 миң палестиналык бар. Алардын ичинен 430зу административдик камоодо, алтоосу депутат жана 270ши бала.

Батыш Шериадагы Офра еврей отурукташуу жерине жакын жерге кечээ кечинде аялдамада күтүп тургандарга жолдо бара жаткан унаадан ок атылып, 6 израилдик жараланды. Алардын ичинен бирөөсү оор жараланган.



Тектеш кабарлар