Греция согуштук кеме алуу үчүн элден жардам чогултат

Грециянын коргоо министри Панос Камменос грек деңиз флотуна жаңы аскердик кемелерди алуу үчүн жардамга эсеп ачып, элден акча чогултарын билдирди.

1102202
Греция согуштук кеме алуу үчүн элден жардам чогултат

 

Грециянын коргоо министри Панос Камменос грек деңиз флотуна жаңы аскердик кемелерди алуу үчүн жардамга эсеп ачып, элден акча чогултарын билдирди.

Моряктардын коргоочусу экендигине ишенилген «Азиз Никола күнүндө» Пиредеги деңиз флоту академиясында өткөрүлгөн аземге катышкан Камменос бул жерде сөз сүйлөдү. Камменос  Грециянын Жер Ортолук деңизине жээктеш өлкөлөр менен бирге бир энергетика борбору жана өндүрүүчүсү болорун жактап : «Бул бизди, эгемендүүлүк укуктарыбызды коргоо жана аймакта коопсуздукту күчтөндүрүү үчүн күчтүү бир деңиз флотунун күчүнө ээ болууга мажбурлап жатат»,- деди.

Келерки жылы бул максаттарына жетүүлөрү керектигин белгилеген Камменос : «Бирок азыр өлкөбүздүн чоң кайрымдуу кишилерине жана багышчыларына муктаждыгыбыз бар. Жаңы фрегаттар жана адмиралдык кемесин алып флотубузду күчтөндүрүү үчүн грек элине жана кеме ээлерине, 2019 -  жыл 1 -  январда ачыла турган эсепке өткөрүшө турган акча менен улуттук аракетибизге колдоо берүүгө чакырабыз»,- деди.

Грек коргоо министри Камменос биринчи акчаны өз маянасынан өткөрөрүн билдирди. Экономикалык кризистен өтүүгө аракет кылган Греция жылдык 5 миллиард евродон ашуун аскердик чыгаша да кылып жатат.

Улуттук кирешесине салыштырмалуу 2, 5 пайызга жеткен бул көлөм менен Греция аскердик чыгаша тууралуу НАТО критериясын түзгөн өлкөлөрдүн арасында.



Тектеш кабарлар