Франциядагы окуучулардын жаңы нааразылык акциялары жана баш аламандуулук

Францияда президент Эммануэль Макрон жана өкмөтүнүн билим берүү саясаттарына каршы чыгыш үчүн өлкөнүн жалпысында уюштурулган митингдер.

1102730
Франциядагы окуучулардын жаңы нааразылык акциялары жана баш аламандуулук

Францияда президент Эммануэль Макрон жана өкмөтүнүн билим берүү саясаттарына каршы чыгыш үчүн өлкөнүн жалпысында уюштурулган митингдер убагында чыккан окуяларда 700дөн ашык лицей окуучусу кармалып кетти.

Француз басма сөзүнүн Ички иштер министрлигинин булактарына таянып берген кабарына караганда өлкөдө Макрон жана өкүмөтүнүн саясаттарына нааразылык билдириш үчүн кечээ болгон акцияларда каргашалуу окуялар болуп 700дөн ашык лицей окуучусу кармалып кетти. Кечээ 280 лицейде билим берүүгө тыныгуу берилди.

Окуучулар дүйшөмбү күндөн бери өлкөнүн бир топ шаарында митингдерди уюштурууда. Окуучу профсоюздары болсо акциялардын дагы кеңири катышуу менен улана турганын билдирди. Мурдагы күнкү митингдер убагында болгон окуяларда 32 окуучу кармалган болчу.

Буга кошумча борбор шаар Парижде эртең боло турган "сары чыптамачандардын" митингдеринин себебинен дүкөндөр, ресторандар жана музейлер жабылат.

Францияны премьер-министри Эдуард Филипп, TF1 каналына берген маалыматында жалпы өлкөдө ишемби күнү боло турган митингдерде тыгыз коопсуздук чаралары көрүлө турганын айтты.

Филипп, митингдерде 89 миң полиция кызмат кыла турганын жана бир гана Парижди 8 миң полиция менен катар бир топ зооттолгон унаа кайтара турганын жарыялады.

Медиага караганда, жооптуу кызматтагылар өткөн аптада "сары чыптамачандардын" митинг убагында чыккан окуяларда, дүкөндөрдүн тонолушу, айнектердин сындырылышы, унаалардын жана айрым имараттардын өрттөлүшү сыяктуу окуялардын кайталана турганынан санааркап жатат.
Өлкөдө күйүүчү майдын кымбатташына жана экономикалык шарттардын начарлоосуна каршылык көрсөтүү үчүн 17-ноябрда башталган сары чыптамачандардын акциялары, өлкөдө акыркы жылдардын эң көп зомбулук болгон нааразылык акциясына айланды.

Борбор калаа Париждин Champs-Elysees  проспектинин айланасында эң акыркы жолу 1-декабрда болгон, миңдеген киши катышкан митингдерде полициянын митингчилерге катуу кийлигишүүсү, көчөлөрдө унаалардын жана таштанды кутуларынын өрттөлүшү, ишканалардын тонолушу, тез-тез үн бомбаларынын жардырылышы жана өрт чыгышы "хаос чөйрөсүн" жаратып койду.
Митингдердин башынан бери болгон окуяларда 3 киши каза таап, 222си коопсуздук кызматкеринен турган 1043 киши жаракат алган жана 1424 киши кармалган.

"Сары чыптамачандардын" нааразылык билдиргенден кийин күйүүчү майды кымбаттатуулар 2019-жылы болбой турганы жарыяланган.

 

 



Тектеш кабарлар