АКШнын согуштук учактары Кара деңиздин үстүнөн учту

Коргоо министрлигинин (Пентагон) жазуу түрүндөгү жарыясында, бүгүн (кечээ) АКШ жана Шериктештери «Ачык саламдар» келишиминин алкагында күтүлбөгөн учууларын ишке ашырды.

1102157
АКШнын согуштук учактары Кара деңиздин үстүнөн учту

АКШнын Коргоо министрлиги (Пентагон), АКШ жана шериктештеринин «Ачык саламдар» келишиминин алкагында Кара деңиздин үстүндө учкандарын жарыялады.

Коргоо министрлигинин (Пентагон) жазуу түрүндөгү жарыясында «Бүгүн (кечээ) АКШ жана Шериктештери «Ачык саламдар» келишиминин алкагында күтүлбөгөн учууларын ишке ашырды. Бул учуулардын максаты АКШнын Украина жана башка улуттарга болгон колдоо көрсөтүүсүнүн белгиси»,делди.

Орусиянын Керч кысыгында кандайдыр бир чагымчылык болбостон Украинанын кемелерине кол салып, барган сайын арткан коркутуучу жана чагымчыл кыймылдарын коркунучтуу түрдө күчөткөнүнө басым жасалган жарыяда, «АКШ, Европа өлкөлөрүнүн коопсуздугу үчүн колдоо көрсөтүүгө чечкиндүү»,-деп билдирилди.

Анда, айрыкча АКШнын Орусия менен дагы жакшы мамиле түзүүнү каалаганы, бирок мунун Орусиянын Украина жана башка аймактарда «мыйзамсыз жана ыраатсыздаштыруучу иш-аракеттеринин» себебинен мүмкүн болбой турганы белгиленди.

АКШнын Кара деңизге согуштук кемесин жөнөтүүнү пландаганы, бул үчүн да Босфордон өтүшү үчүн Түркиядан уруксат талабын кылганынын айтымдары медиага чагылышкан болчу.

25-ноябрда Кара деңиздеги Керч кысыгына жакын жерде Орусиянын согуштук кемелери Украинанын согуштук кемелерине жээк сууларын бузганы дооматы менен ок атып, Украинанын Деңиз күчтөрүнө таандык 3 кемедеги 24 кызматкерин кармап алган.

Крымдагы Орусиянын соту украиналык 24 аскер туурасында 2 айлык мөөнөткө камакта кармоо өкүмүн чыгарган.

Москвага жөнөтүлгөн камактагы украиналык аскерлер туурасында Орусиянын жээк сууларын мыйзамсыз бузганы себебеи менен 6 жылга дейре абак жазасына тарталышы талап кылынууда.



Тектеш кабарлар