Катар ОРЕСтен бөлүнүүдө
Бул билдирүүлөрдөн кийин нефть баалары 5 пайызга аратты.
Катар 2019 - жылы январ айында Нефть Эскпорттогон Өлкөлөр Уюму OPECтен бөлүнөрүн билдирди. Энергетика министри Саад ал - Кааби Катардын эми башка өлкөлөр сыяктуу нефть алып - сатарын, OPECтен улам убадаларын 19 - январга чейин орундатарын билдирди.
Өлкөнүн OPECтен бөлүнүү чечимин чыгарган Катардын энергетика министри Ал - Кааби : «OPECтен январь айынан баштап чыгабыз. Чечимибизди OPECке бүгүн эрте менен билдирдик. OPEC мүчөсү болбогон ар бир өлкө сыяктуу бардык убадаларабызга баш ийүүнү улантабыз»,- деди.
Ал - Кааби Катардын бөлүнүшүнүн OPECтин нефть өндүрүү чечимдери боюнча бир аз таасири болорун белгилеп : «57 жылдан бери мүчөсү болгон OPECтен бөлүнүү оңой болгон жок”,- деди. Катардын бул билдирүүсүнөн кийин 6 - декабрда бир саммиттин өткөрүлүшү күтүлүүдө.
Бул билдирүүлөрдөн кийин нефть баалары 5 пайызга аратты. Бренд нефтинин баррели эрте мененки сааттарда 62 доллардан сатылды.