Чоң жыйырмалык (G-20) саммитинин жыйынтык билдирүүсү

Билдирүүдө келечекке карай кызматташтык, өнүгүү үчүн инфраструктура, туруктуу азык-түлүк стратегиясы жана гендердик теңдик сыяктуу темалар менен кеңири түрдө каралганы маалымдалды.

1098887
Чоң жыйырмалык (G-20) саммитинин жыйынтык билдирүүсү

Аргентинада өткөн Чоң жыйырмалык (G-20) лидерлер саммитинин жыйынтык билдирүүсүндө, Эл аралык тартиптин эрежелерге баш ийилип улантылышына басым жасалды.

Билдирүүдө келечекке карай кызматташтык, өнүгүү үчүн инфраструктура, туруктуу азык-түлүк стратегиясы жана гендердик теңдик сыяктуу темалар менен кеңири түрдө каралганы маалымдалды.

Басымдуу түрдө эл аралык экономикалык тартипке токтолгон билдирүүдө, эң оболу эрежелерге баш ийген эл аралык тартиптин иштеп жатканына ишенүүнүн маанисине басым жасалды.

Эл аралык соода эрежелеринин өлкөлөрдү начар абалга түшүрбөшү керектигине көңүл бөлүнгөн билдирүүдө, Дүйнөлүк Соода Уюмунун (ДСУ) айрым функцияларынын жетишсиз болгонуна жана булардын реформаланышы керектигине көңүл бурулду.

 Билдирүүдө, Париж климат келишиминин «артка кайтылгыс» болгонуна басым жасалып толук түрдө ишке ашырылышынын маанисине жана климат өзгөрүшү менен күрөшүүгө шилтеме кылынды.

Билдирүүнүн андан кийинки беренесинде болсо АКШнын Париж климат келишиминен артка кайтуу чечиминин аркасында турганы жана «чөйрөнү коргоп» бардык энергетика булактарынын эң түшүмдүү түрдө колдонула турганын түшүндүрүп турганы белгиленди.

Ушундайча жыйынтык билдирүүсүнүн климат өзгөрүшүнө байланыштуу бөлүмүнө бир гана АКШ кошулбаганын билдирген болду.

Билдирүүдө айрыкча террордун ар түрдүүсүнүн күчтүү түрдө айыпталганына басым жасалып, (Германия) Гамбургдагы Чоң жыйырмалык саммитинде айтылган террор менен күрөшүү билдирүүсүнүн аркасында тургандары маалымдалды.

Билдирүүнүн андан кийинки беренсинде болсо 2019-жылдагы Чоң жыйырмалыктын  саммитинин Японияда, 2020-жылдагы саммиттин Сауд Арабияда өткөрүлүшүнө чечим чыгарылганы белгиленди.


Этикеткалар: #Чоң жыйырмалык

Тектеш кабарлар