АКШ менен Кытай 90 күн бою жаңы бажы салыгын киргизбейт
Трамп менен Синин Аргентинадагы жолугушуусу тууралуу Ак үйдөн жазуу түрүндө билдирүү таратылды.
АКШнын президенти Дональд Трамп менен Кытай Эл Республикасынын Мамлекет башчысы Си Цзиньпин эки өлкөнүн ортосунда 90 күн бою жаңы бажы салыгын киргизбөө темасында макулдашты.
Трамп менен Синин Аргентинадагы жолугушуусу тууралуу Ак үйдөн жазуу түрүндө билдирүү таратылды.
Анда эки лидердин ортосундагы жолугушуу ийгиликтүү өткөнү жана бир топ темада макулдашкандары белгиленди.
Буга караганда АКШ менен Кытай 90 күн бою келишимге жетишүү максатында жаңы соодалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана бул мөөнөттүн ичинде эки өлкө эки тараптуу кандайдыр бир жаңы бажы салыгын киргизбейт.
Билдирүүдө айрыкча Трамптын 2019-жылы 1-январдан тарта 200 миллиард доллардык товарлар үчүн 25 пайызга арттырыла турганы боюнча мындан мурда жарыяланган салык катышынын 10 пайызда калтырылышын бекиткени маалымдалды.
Билдирүүдө эгерде 3 айлык сүйлөшүү процессинин акырында келишимге жетише албаса анда 10 пайыздык тарифтин 25 пайызга чыгартыла турганына басым жасалды.
Кытайдын АКШга дароо айыл-чарба өндүрүмдөрүн экспорттой баштай турганына басым жасалган билдирүүдө, айрыкча Кытайдын чоң көлөмдө энергетика, индустрия жана башка тармактарда өндүрүлгөн өндүрүмдөрдөн сатып алып эки өлкөнүн ортосундагы «соода тең салмаксыздыгынын» азайтылышына салым кошо турганы маалымдалды.
Билдирүүдө айрыкча Кытайдын АКШга фентанил саткан кишилерге оор жазаларды бере турганы көздөлгөн макулдашууга да жетишкени белгиленди.
Трамп менен Си, Түндүк Корея темасына да токтолуп, «Президент Трамп менен мамлекет башчы Си, Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен бирге Түндүк Корея жарым аралынын ядролук куралдардан тазаланышы темасында аракет кылышат» делди.
Анда, Синин мындан мурда бекитилбеген Qualcomm-NXP келишимин бекитүүгө ачык болгонунун маалыматына да орун берилди.
Тектеш кабарлар
Газада 37 миң 372 адам каза болду
Газа өкмөтүнүн медиа кеңсеси Газа тилкесиндеги ачкачылык кризисине байланыштуу маалымат берди.