Трамп - Путин жолугушуусу болбойт

АКШнын президенти Дональд Трамп Орусиянын президенти В. Путин менен Аргентинада өткөрө турган жолгушуунун болбой тургандыгын жарыялады.

1098188
Трамп  - Путин жолугушуусу болбойт

АКШнын президенти Дональд Трамп Орусиянын президенти В. Путин менен Аргентинада өткөрө турган жолгушуунун болбой тургандыгын жарыялады. Трамп Аргентинада өткөрүлө турган Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммитине баргандан мурда социалдык бөлүшүү сайты твиттер эсебинен маалымат берди.

Орусиянын жекшемби күнү Керч кысыгында болгон араздашуудан кийин Украинага кемелери менен экипажын тапшырбагандыгын баса белгилеген Трамп : «Тийиштүү бардык тараптар үчүн эң жакшысы экенин ойлоп Орусиянын президенти В. Путин менен Аргентинада жолугушпоо чечимин чыгардым»,- деди.

Дональд Трамп Washington Post гезитине  берген маегинде Орусия менен Украинанын ортосунда болгон араздашууга байланыштуу АКШ улуттук коопсуздук кеңешинен «толук отчет» күткөндүгүн белгилеген.

Путин менен Аргентинадагы Чоң жыйырмалык саммитинде жолугушуп же жолугушпай тургандыгына байланыштуу чечимди бул отчеттон кийин берерин баса белгилеген Трамп : «Бул отчетко карата кыймыл кыламын. Балким да бул жолугушуу ишке ашпайт»,- деди.

25 -  ноябрда Орусиянын аскердик кемелери Кара деңизде Керч кысыгына жакын жерлерде Украинанын аскердик кемелерине жээк сууларын бузду деген негиз менен ок аткан, Украина деңиз күчтөрүнө таандык 3 кемени 24 экипажы менен камоого алган.



Тектеш кабарлар