Президент Р. Т. Эрдоган жана Дональд Трамп жолугушуусу

Ак үйдүн улуттук коопсуздук кеңешчиси Жон Болтон Дональд Трамптын Аргентинадагы чоң жыйырмалар саммитинде президент Р. Т. Эрдоган менен жолугушарын айтты.

1096473
Президент Р. Т. Эрдоган жана Дональд Трамп жолугушуусу

АКШнын президенти Дональд Трамптын Аргентинадагы чоң жыйырмалар саммитинде президент Р. Т. Эрдоган менен жолугушары билдирилди.

Ак үйдүн улуттук коопсуздук кеңешчиси Жон Болтон Дональд Трамптын Аргентинадагы чоң жыйырмалар саммитинде президент Р. Т. Эрдоган менен жолугушарын, Сауд Аравиянын мураскер принци Мухаммед бин Селман менен жолугушуу планынын жок экендигин белгиледи.

Аргентинада жуманын акырында өтө турган чоң жыйырмалар саммитинен мурда Ак үйдө өткөргөн пресс- жыйынында Болтон Трамптын программасы жана эки тараптуу жолугушууларына байланыштуу календарь тууралуу маалымат берди. Болтон Трамптын саммиттин негизинде Аргентина, Кытай, Орусия, Германия, Япония, Индия жана Түштүк Кореянын лидерлери менен жолугушарын белгилеп, президент Эрдоган менен да эки тараптуу жолугушуу өткөрөрү билдирилди.

Болтон өзгөчө Кашыкчы кылмышына байланыштуу үн жаздырууну угуп же укпагандыгы тууралуу берилген бир суроо боюнчаүн жаздырууну укпагандыгын, арапча болгондуктан укса да түшүнбөй тургандыгын бирок кыскача маанисин окугандыгын айтты.

Андан кийин трибунага келген Ак үйдүн катчысы Сарах Сандерс болсо расмий программанын тышында Трамп менен Мухаммед бин Салмандын жолугушуу ыктымалынын бар же жок экендигине байланыштуу«бул ыктымалды четке кага алышпай тургандарын» айтты. Сандерс өзгөчө : «Кашыкчы тууралуу азырынча акыркы жыйынтыктарды көрө элекпиз. Жаңы далилдерди көргөндө ошого жараша кыймыл кылабыз»,- деди.

Саудиялык журналист Жемал Кашыкчы 2 -октябрда Сауд Арабиянын Стамбулдагы консулдугунда киши колдуу болгон.



Тектеш кабарлар