Орусия Украинанын 7 аскердик кызматкерин камакка алды
Кара деңиздеги Керч кысыгына жакын жерде Орусия конфискация кылган Украинанын согуштук кемелеринде кармалган 24 аскердик кызматкерден жетиси камакка алынды.
Орусиянын соту Керч кысыгында Орусиянын коопсуздук күчтөрү каратып алган Украинанын кемелериндеги 7 аскердик кызматкерди камакка алуу чечимин чыгарды.
Кара деңиздеги Керч кысыгына жакын жерде Орусия конфискация кылган Украинанын согуштук кемелеринде кармалган 24 аскердик кызматкерден жетиси камакка алынды.
Риа маалымат агенттигинин маалыматына караганда Крымдагы Орусиянын соту Орусиянын жээк сууларын бузуп киргендиги себеби менен 7 аскердик кызматкер үчүн 2 айлык камакта кармоо өкүмүн чыгарды.
Берки аскердик кызматкердин сот иштери каралып жатат.
25-ноябрда Кара деңизде Керч кысыгына жакын жерде Орусиянын согуштук кемелери Украинанын согуштук кемелерине жээк сууларын бузгандыгы үчүн ок чыгарып, Украинанын деңиз күчтөрүнө таандык 3 кемедеги 24 аскердик кызматкерин кармап алган.
Тектеш кабарлар
Орусия Новокалиновону көзөмөлгө алды
Орус армиясынын Украинадагы чабуулдары тууралуу маалымат берилди.