Орусиянын президенти В. Путин Украинанын аскердик абал чечиминен тычнсызданууда

Орусиянын президенти В. Путин Германиянын канцлери Ангела Меркель менен өткөргөн телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

1095893
Орусиянын президенти В. Путин Украинанын аскердик абал чечиминен тычнсызданууда

Орусиянын президенти В. Путин Германиянын канцлери Ангела Меркель менен өткөргөн телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Украинада аскердик абалды киргизүүнүн жарыяланышынан  тынчсызданышкандарын айтты.

Кремлдин басма сөз кызматынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта эки лидердин Керч кысыгында Орусия менен Украинанын ортосунда болгон чыңалуудан улам телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөндүгү белгиленди. Сүйлөшүүдө Украинаны эл аралык мыйзамды бузуу менен күнөөлөгөн Путин : «Украинада аскердик абалдын жарыяланышынан жана армиясынынсогушка даяр абалга алып келинишинен тынчсызданып жатабыз»,- деди.

Германиянын каалоосу менен өткөн сүйлөшүүдө Путин : «Украинанын шашылыш чечим чыгарышына бөгөт болуу үчүн Германиянын Киев башкаруусуна таасири болот деп үмүттөнөм»,- деди.

Украина Кара деңизде Керч кысыгынын жакындарында Орусиянын аскердик кемелеринин Украина аскердик кемелерине ок атышы менен кечээ кечинде аскердик абал жарыялады.



Тектеш кабарлар