Дональд Трамп Орсия - Украина келишпестиги үчүн Европа менен иштешерин айтты

"Болгон окуялардын эч бирин жактырбайбыз. Бул маселелердин чечилеринен үмүт кылам".

1095915
Дональд Трамп  Орсия  - Украина келишпестиги үчүн Европа менен иштешерин айтты

АКШнын президенти Дональд Трамп Орусия менен Украинанын ортосундагы чыңалууну басаңдатуу үчүн Европа менен иштешерин айтты. Трамп Орусиянын Украина аскердик кемелерине ок аткандыгына байланыштуу берген билдирүүсүндө : «Болгон окуялардын эч бирин жактырбайбыз. Бул маселелердин чечилеринен үмүт кылам. Европанын да жактырбагандыгын билем. Маселе тууралуу бирдикте иштеп жатабыз»,- деди.

Украинанын Одесса портунан Мариуполь портуна баруу үчүн 25 -  ноябрь жекшемби күнү жолго чыккан 3 Украина аскердик кемесине Орусиянын аймагын бузду деген негиз менен Азов деңизиндеги Керч кысыгынын жакындарында Орусия аскердик кемелери ок аткан.



Тектеш кабарлар