Украина Орусиядан деңизчилер менен кемелерди кайрып берүүсүн талап кылды

Украинанын президенти Петр Порошенко Керч кысыгында Орусия тарабынан кармалган деңизчилердин жана кемелердин дароо тапшырылышын талап кылды.

1095292
Украина Орусиядан деңизчилер менен кемелерди кайрып берүүсүн талап кылды

Украинанын президенти Петр Порошенко Керч кысыгында Орусия тарабынан кармалган деңизчилер менен кемелердин дароо тапшырылышын талап кылды.

Порошенко Киевде улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин жыйынында Керч кысыгында чыккан араздашууга байланыштуу маалыматтарды берди. Орусия тарабынан кармалган деңизчилердин эркин кое берилиши керектигин белгилеген Петр Порошенко : «Орусиядан эл аралык укукту тебелеп кармаган украиналык деңизчилерди дароо эркин кое берүүлөрүн талап кыламын»,- деди.

Орусиянын Азов деңизиндеги чыңалууну төмөндөтүүсү керектигин баса белгилеген Порошенко : «Деңизчилер менен бирге конфискацияланган кемелердин да дароо Украина тарабына тапшырылышы керек»,- деди.

Украинанын тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта болсо : «Керч кысыгында болгон окуялардан улам жаралангандарга медициналык жардамдын дароо берилиши жана үйлөрүнө ишенимдүү түрдө кайтуусуна шарттын түзүлүшүн талап кылабыз. Украина өзгөчө конфискацияланган кемелердин тапшырылышын жана чыгымдардын камсыз кылынышын да талап кылууда»,- деген сөздөргө орун берилди.

Кечээ эрте мененки сааттарда Азов деңизинде Орусиянын аскердик кемелери менен Украинанын аскердик кемелери бетме – бет келип, Орусиянын сууларына кирди деген негиз менен Орусияга таандык аскердик кемелерди Украина аскердик кемелерине кийлигишкен.

Украина деңиз күчтөрү командирлиги Азов деңизиндеги Керч кысыгынын жакындарында Орусия федералдык коопсуздук кызматына таандык чек ара коопсуздугу кемесинен Украина аскердик кемелерине ок атылгандыгын жана 6 Украина аскеринин жаралангандыгын жарыялап, кемелердин орус атайын күчтөр тарабынан колго түшүрүлгөндүгүн билдирген.

БУУнун Коопсузук Кеңеши эки өлкөнүн ортосундагы араздашуу боюнча бүгүн чукул түрдө чогулат.



Тектеш кабарлар