Орусия менен Украинанын ортосундагы чыңалуу кайрадан күчөдү

Украинанын деңиз күчтөрү командирлиги Азов деңизиндеги Керч кысыгына жакын жерде Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматына таандык чек ара коопсуздугу катеринен Украинанын согуштук кемесине ок атылганын жарыялады.

1094876
Орусия менен Украинанын ортосундагы чыңалуу кайрадан күчөдү

Орусия менен Украинанын ортосундагы кризис кайрадан күчөдү...

Украинанын деңиз күчтөрү командирлиги Азов деңизиндеги Керч кысыгына жакын жерде Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматына таандык чек ара коопсуздугу катеринен Украинанын согуштук кемесине ок атылганын жарыялады.

Украинанын Деңиз күчтөрү командирлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында атылган октун себебинен 2 кишинин жаракат алганы түшүндүрүлүп, Укарианага таандык 2 кеменин зыянга учураганы жана багытын жоготкону белгиленди.

Украинанын бир кемеси якорун түшүрүүгө аргасыз болгону айтылган жарыяда, Украинанын кемелеринин Орусиянын атайын күчтөрү тарабынан каратып алынганынын маалыматы да орун алды.

Украинанын басма сөзүндө болсо ок атуудан бир кишинин каза болгону маалымдалды.

Кечээ эртең менен Азов деңизинде Орусиянын согуштук кемелери менен Украинанын согуштук кемелри беттешкени белгиленип, Орусияга таандык согуштук кемелер Орусиянын жээк сууларына киргени айтымы менен Украинанын согуштук кемелерине кийлигишкен.

Бул учурда Орусия, Азов деңизинде Украина менен болгон чыңалуудан кийин БУУнун Коопсуздук кеңешин шашылыш чогулушка чакырды.

БУУнун Коопсуздук кеңеши Орусиянын согуштук кемелеринин Крымдын жээктеринде Азов деңизинде Орусиянын жээк сууларын бузганы дооматы менен Украинанын согуштук кемелерине ок атуусунан кийин күчөгөн чыңалуу боюнча бүгүн шашылыш чогулат.



Тектеш кабарлар