АКШнын Калифорния штатындагы тилсиз жоодон каза тапкандардын саны көбөйүшү санааркатууда

Дагы 2 кишинин жансыз денесинин табылышы менен өрттө каза болгондордун саны 85ке жетти.

1095030
АКШнын Калифорния штатындагы тилсиз жоодон каза тапкандардын саны көбөйүшү санааркатууда

АКШнын Калифорния штатында 8-ноябрдан бери уланган өрттүн жекшемби күнү таң заардан тарта толугу менен өчүрүлгөнү маалымдалды. Тилсиз жоодо каза болгондордун саны 85ке жетти.

Америка басма сөзүндө орун алган маалыматтарга караганда штаттын түндүгүнө тасирин тийгизген жана «Лагер өртү» деп аталган токой өртү кечээ эртең менен өчүрүлө алды.

Бир тараптан дагы 2 кишинин жансыз денесинин табылышы менен өрттө каза болгондордун саны 85ке жетти.

Өрттө жоголгон 251 кишиден дагы деле дайын чыга элек, каза болгондордун артышы санааркатып жатат.

Штаттын түндүгүндөгү Пардайс районунда 8-ноябрда башталган токой өрттөрү, орто эсеп менен 14 миң үй, 514 ишкана жана 4256 имаратты күлгө айлантты.

Орто эсеп менен 620 чарчы километрдик аянтка таасир тийгизген өрт, Чикаго шаарынын аянтындай жерге жетти.

Лагерь өртү Калифорния тарыхынын «эң чоң жана эң көп жан алган» токой өртү катары катталды.



Тектеш кабарлар