Мураскер принци Мухаммед бин Селман биринчи өлкө тышы сапарына чыкты

Мураскер принц  Бин Селмандын кээ бир араб өлкөлөрүнө баруу үчүн өлкөдөн чыккандыгы белгиленди.

1093429
Мураскер принци Мухаммед бин Селман биринчи өлкө тышы сапарына чыкты

Сауд Арабиянын мураскер принци Мухаммед бин Селман саудиялык журналист Жемал Кашыкчынын 2 -  октябрда киши колдуу болгондон кийин биринчи өлкө тышы сапарына чыкты.

Сауд Арабиянын расмий кабар агенттиги SPAнын кабарына караганда Королдук кеңештен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта мураскер принц  Бин Селмандын кээ бир араб өлкөлөрүнө баруу үчүн өлкөдөн чыккандыгы белгиленди.

Маалыматта мураскер принцтин аткара турган сапарлары Король Селман бин Абдулазиздин жолдомосунун негизинде өлкөнүн аймактык жана эл аралык карым  - катнаштарынын күчтөндүрүлүшү максатында ишке ашырылары билдирилди. Мураскер  принцтин кайсы өлкөлөргө барары тууралуу маалымат берилбестен, Сауд Арабиянын Аль Арабия телкөрсөтүүсү болсо Бин Селмандын биринчи аялдамасынын Бириккен Араб Эмирликтери экендигин жарыялады.

Сауд Арабиянын энергетика министри Халид Абдулазиз ел  - Фалих шейшемби күнү  берген маалыматында мураскер принц Мухаммед бин Селмандын биринчи өлкө тышы саякатынын негизинде 30 -  ноябрь жана 1 -  декабрь күндөрү Аргентинада өткөрүлүшү пландалган чоң жыйырмалар саммитине катышары белгиленген. Фалих бул өлкө тышы саякатынын Аргентинанын тышында кайсы өлкөнү камтый тургандыгына байланыштуу маалымат берген эмес.

Журналист Жемал Кашыкчы Сауд Арабиянын Стамбулдагы консулдугунда киши колдуу болгон  2 -  октябрдан бери мураскер принц Мухаммед бин Селман биринчи жолу өлкө тышы сапарын аткарат.



Тектеш кабарлар