Кытай АКШнын "технология уурулугу" деген күнөөлөөсүнө каршылык көрсөттү

Кытай соода министрлиги Кытайды күнөөлөгөн отчетту негизсиз деп мүнөздөдү.

1093635
Кытай АКШнын "технология уурулугу" деген күнөөлөөсүнө каршылык көрсөттү

Кытай Аргентинада өткөрүлө турган чоң жыйырмалар саммитинде Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин менен АКШнын президенти Дональд Трамптын ортосунда өткөрүлүшү пландалган жолугушуудан мурда АКШнын «технология уурулугу» деп күнөөлөгөн актуалдуу бир отчетко каршылык көрсөттү.

Кытай соода министрлиги АКШнын соода өкүлчүлүгү офисинин Кытайды ири технология фирмаларынын компьютерлерине кирип  соода маалыматтарын уруксатсыз алуу иштерин улантуу менен күнөөлөгөн отчетту негизсиз деп мүнөздөдү.  

Министрликтин катчысы Гао Фенг Кытайдын АКШга карата кибер уурулук иштерин арттыруу менен күнөөлөгөн отчетко каршылык көрсөтүп, отчеттун «Кытай үчүн толугу менен кабыл алынгыс» экендигин айтты.

Вашингтонго экономикалык карым  - катнаштарды алдыга жылдыруу үчүн «ылайыктуу шарттарды түзүүгө» чакырган Гао : «АКШ тарабынын эки тараптуу экономикалык жана соода карым  - катнаштарына зыянын тийгизген сөздөрүн жана кыймылдарын токтоторун ойлоп жатабыз»,- деди.

Пекиндин соода өнөктөштөрү усулсуз деп мүнөздөгөн саясаттарда негизги бир өзөрүү киргизбегендиги ортого салынган отчетто Кытай жеке пикирдик жана соода маалыматтарды алуу үчүн шпиондук иштерди жүргүзүү менен күнөөлөнгөн.

Трамп бул айдын башында социалдык медиа эсебинен берген маалыматта кытайлык кесиптеши Си Цзиньпин менен узакка созулган телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөндүгүн белгилеген. Трамп : «Кытай мамлекет башчысы Си Цзиньпин менен узун убакытка созулган жана мыкты диалогубуз болду. Эң көп соодага көңүл бурулду жана көптөгөн маселени сүйлөштүк.  Сүйлөшүүлөрүбүз Аргентинадагы чоң жыйырмалар саммитинин негизинде боло турган жыйындар менен бирге мыкты баратат»,- деген.

Бир тараптан Америка басма сөзүндө орун алган кабарга караганда Трамп менен Си Цзиньпиндин Аргентинада өткөрүшү күтүлгөн сүйлөшүүлөрдө жыйынтык чыкпаса Ак үй Пекинге карата бажы тарифтеринин үчүнчү пакетин ишке ашырат.

Азыркы учурда Кытайдан импорттолуп алынган 250 миллиард долларлык товарга  салык салган АКШнын үчүнчү салык пакетинин 267 миллиард долларлык товарды камтуусу күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар