Сауд Арабияда катуу жамгыр жаашы менен 35 киши каза тапты
Сауд Арабияда бир айга жакын убакыттан бери жаап жаткан катуу жамгыр себеп болгон сел апаатында каза болгондордун саны 35ке жетти.
![Сауд Арабияда катуу жамгыр жаашы менен 35 киши каза тапты](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/6b1a/0d73/cda2/5be03211eb128.jpg?time=1718787536)
Сауд Арабияда бир айга жакын убакыттан бери жаап жаткан катуу жамгыр себеп болгон сел апаатында каза болгондордун саны 35ке жетти.
Сауд Арабия расмий маалымат агенттиги SPAнын жарандык коргонуу башкаруусунан берилген жазуу түрүндөгү маалыматка таянып берген кабарга караганда өлкөдө бир айга жакын убакыттан бери жаап жаткан катуу жамгырда сел же суу ташкындарына кабылуу, электр тогуна урунуу жана саздарга батуу сыяктуу түрдүү себептерден 35 киши каза болгон. Алардын ичинен 11 киши Меккеде каза болду.
Катуу жамгыр жаашынан улам өлкөнүн 13 аймагында калган 2 миң 517 кишинин куткарылгандыгы, бул кишилерден 384 кишинин борбор шаар Рияддан экендиги билдирилди.
Севф шаары башта болуу менен 7 аймактан 4 миң 38 кишинин эвакуациялангандыгы, 2 миң 536 кишиге баш калкалоо мүмкүнчүлүгүнүн берилгендиги билдирилди.
Тектеш кабарлар
![Газада 37 миң 372 адам каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/9ade/0a35/d862/66717173928b9.jpeg?time=1718787536)
Газада 37 миң 372 адам каза болду
Газа өкмөтүнүн медиа кеңсеси Газа тилкесиндеги ачкачылык кризисине байланыштуу маалымат берди.