Орусиянын президенти Саудия принци менен чоң жыйырмалар саммитинде жолугушушу мүмкүн

Катуу сынга алынган Саудиянын мураскер принци болсо Кашыкчы кылмышынан кийин биринчи өлкө тышы сапарын Аргентинага жасайт жана чоң жыйырмалар саммитине катышат.

1092509
Орусиянын президенти Саудия принци менен чоң жыйырмалар саммитинде жолугушушу мүмкүн

Орусия президент В. Путиндин Сауд Арабиянын мураскер принци Мухаммед Бин Селман менен Аргентинадагы чоң жыйырмалар саммитинде жолугуша аларын билдирди.

Жемал Кашыкчы кылмышынан кийин Рияд башкаруусу эл аралык коомчулук тарбынан иликтөөгө алынды. Стамбулдагы Сауд Арабия консулдугунда иштелген журналист Жемал Кашыкчы кылмышы бүткүл дүйнөнүн күн тартибинде.

Катуу сынга алынган Саудиянын мураскер принци болсо Кашыкчы кылмышынан кийин биринчи өлкө тышы сапарын Аргентинага жасайт жана чоң жыйырмалар саммитине катышат.

Кремль Орусиянын президенти В. Путиндин кылмыш буйругун берди деген ойлор менен күн тартибинен түшпөгөн Саудиянын мураскер принци менен Аргентинада чоң жыйырмалар саммитинде жолугуша аларын жарыялады.

Бул жолугушууда Кашыкчы кылмышы менен бирге нефть базарынын да сөз болушу күтүлүүдө.

Чоң жыйырмалардын лидерлер саммити 30  - ноябрь жана 1 -  декабрь күндөрү Аргентинанын борбор шаары Буэнос Айресте өткөрүлөт.



Тектеш кабарлар