Йеменде балдардын 80 пайызы жардамга муктаж

3, 5 жылдан ашуун убакыттан бери Йеменде болуп жаткан согуштун жүгүн эң көп балдар тартууда.

1092272
Йеменде балдардын 80 пайызы жардамга муктаж

Йемендеги балдардын 80 пайызынын гуманитардык жардамга муктаж экендиги жарыяланды. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Йемен офисинин расмий твиттер эсебинен 20 -  Ноябрь дүйнөлүк балдар укугун коргоо күнүнөн улам берилген маалыматта : «Йеменде согуштан улам өлкөдөгү балдардын 80 пайызын түзгөн 11 миллиондон ашуун бала гуманитардык жардамга муктаж»,- деп билдирилди.

Маалыматта өзгөчө өлкөдө 3, 5 жылдан ашуун убакыттан бери болуп жаткан согуштун жүгүн эң көп балдардын тарткандыгы белгиленди.

Ансыз да дүйнөнүн жакыр өлкөлөрүнүн арасында орун алган Йеменде жарандык согуштан улам күчөп бара жаткан адамзаттык кризис  коркунучтуу абалга жетти. Өлкөдө ачкачылык, холера, кагылышуулар жана абадан кол салуулар менен адамзаттык трагедия болууда.

БУУнун маалыматтарына караганда миллиондогон киши ачкачылык менен күрөшүп жаткан Йеменде ар бир 10 минутада 1 бала каза болууда. Йеменде 3 жылдан ашуун убакыттан бери болуп келе жаткан кагылышууларда миңдеген киши каза болду.



Тектеш кабарлар