Сауд Арабиянын мураскер принци Жемал Кашыкчы кылмышынан кийин биринчи өлкө тышы сапарына чыгат
Саудиялык журналист Жемал Кашыкчы 2 - октябрда Сауд Арабиянын Стамбулдагы консулдугунда киши колдуу болгон.
1091514
![Сауд Арабиянын мураскер принци Жемал Кашыкчы кылмышынан кийин биринчи өлкө тышы сапарына чыгат](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/0ac0/4013/d310/5bf3be86b882a.jpg?time=1718856637)
Сауд Арабиянын мураскер принци Мухаммед бин Селман саудиялык журналист Жемал Кашыкчы кылмышынан кийин биринчи өлкө тышы сапарын аткарат.
Сауд Арабия медиасында орун алган кабарга караганда энергетика министри Халид Абдулазиз ел – Фалих мураскер принц Бин Селмандын өлкө тышы саякатынын негизинде 30 - ноябрь жана 1 - декабрда Аргентинада өткөрүлүшү пландалган чоң жыйырмалар саммитине катышарын айтты.
Фалих бул өлкө тышына саякатынын Аргентинанын тышында кайсы өлкөлөрдү камтый тургандыгына байланыштуу маалымат берген жок.
Саудиялык журналист Жемал Кашыкчы 2 - октябрда Сауд Арабиянын Стамбулдагы консулдугунда киши колдуу болгон.