АКШдан жаңы Түндүк Корея санкциясы
АКШ Түндүк Кореяга санкцияларды бузуусу үчүн жардам берди деген негиз менен орус тектүү бир Түштүк Африка жаранын санкция салынгандар тизмесине алды.
1091261
![АКШдан жаңы Түндүк Корея санкциясы](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/1930/1f88/76d9/5bbeef8b7d448.jpg?time=1718874251)
АКШ Түндүк Кореяга санкцияларды бузуусу үчүн жардам берди деген негиз менен орус тектүү бир Түштүк Африка жаранын санкция салынгандар тизмесине алды.
АКШнын казына министрлигинен берилген маалыматта Орусияда төрөлгөн Түштүк Африка жараны Владлен Амченцевге Пхеньян башкаруусунун атынан жүргүзгөн мыйзамсыз иштер деген негиз менен санкция салгандыгы билдирилди.
Владлен Амченцевдин Түндүк Кореяга АКШ санкцияларын бузуу тууралуу кеңешчилик кылган жана нефть алууга жардамчы болгондугу белгиленген маалыматта бул кишинин азыркы учурда санкция тизмесинде орун алган Велмур Манагемент аттуу фирма менен байланышынын бар экендиги да белгиленди.