Түндүк Корея жаңы муундагы куралын сынады

Йонхап маалымат агенттиги Түндүк Кореянын маалыма агенттиги KCNAга таяндырган кабарында сыноонун Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын карамагында жасалганы белгиленди.

1089301
Түндүк Корея жаңы муундагы куралын сынады

Түндүк Корянын алыс аралыкка атуучу замбирек экени божомолдонгон жаңы курал сыноосун жасаганы маалымдалды.

Йонхап маалымат агенттиги Түндүк Кореянын маалыма агенттиги KCNAга таяндырган кабарында сыноонун Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын карамагында жасалганы белгиленди.

Кимдин сыноосу жасалган «ультра заманбап» куралы «Түндүк Корея армиясынын салгылашуу көлөмүн арттыруу темасында чечкиндүү бурулуш» сөздөрү менен тастыктаганы маалымдалды.

Аты аталышын каалабаган Түштүк Кореядан бир жооптуу кызматкер, замбиректин Түндүк Кореянын лидеринин атасы Ким Чен Ирдин убагынан бери өнүктүрүлгөн жаңы түрдөгү алыс аралыкка атуучу курал болгонун эсептегендерин айтты.

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын 12-июнда Сингапурда жолугуп, саммиттен кийин эки лидер Түндүк Кореянын ядролук куралдардан тазаланышы боюнча макулдашышкан.

Акыркы мезгилде тараптардын арасында ядролук куралсызданууга карай  сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учураганы турат. Эң акыркы жолу Пхеньян бийлиги АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен Түндүк Кореянын жогорку жетекчилеринен бирөө менен өткөн аптада боло турган жыйналышты жоюп таштаган.

Түндүк Корея айдын башында да «АКШ өлкөгө багытталган санкцияларын жойбой турган болсо ядролук куралдарын күчтөнтүүнү максаттаган мамлекеттик саясатын кайрадан жанданта турганы» боюнча эскерткен.

АКШнын вице-президенти Майк Пенс болсо, Сингапурда өткөн 33-Түштүк Чыгыш Азия Өлкөлөрү Биримдигинин (ASEAN) саммити убагында АКШнын президенти Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Кимдин ортосундагы экинчи саммиттин 2019-жылдын башында өткөрүлө турганын жарыялаган.



Тектеш кабарлар