Нигерияда балдарга ысытмага каршы вакцина берилет

Нигериянын Борно аймагында ысытма менен күрөшүүнүн негизинде 853 миң балага вакцина берилет.

1086902
Нигерияда балдарга ысытмага каршы вакцина берилет

Нигериянын Борно аймагында ысытма менен күрөшүүнүн негизинде 853 миң балага вакцина берилет.

Борно аймагынын саламаттык сактоо министрлиги баштаган жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму колдогон кампания тууралуу билдирүү берген Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун кеңешчилеринен Иниабаси Нгласс ысытмага каршы 5 күндө 853 миң балага вакцина беришерин айтты.

«Борно аймагынын 7 районунан 2 миң 700 ыктыярдуу менен ысытмага каршы үй  - бүлөлөргө дары – дармек таркатып жатабыз. Вакцина кампаниябыз 1 жана 5 жаштын арасындагы балдарды камтыйт»,- деди.

Борно аймагында акыркы бир жылда 3, 7 миллион киши ысытмадан таасирленип аймакта ар бир жумада 8 миң 500гө жакын ысытма оорулуусуна кездешилүүдө. Нигериянын түндүк чыгышында ысытмага каршы 2017 -  жылы жүргүзүлгөн иштердин саясында 5 жаштан кичүү болгон 10 миң бала ысытмага каршы коргоого алынган.



Тектеш кабарлар