Банктык эсептерге жаңылыштык менен 30 миң евро өткөрүлдү

Фирма өткөрүлгөн акчалардын кайра берилишин каалап жатат.

1086704
Банктык эсептерге жаңылыштык менен 30 миң евро өткөрүлдү

Белгияда бир болот заводунда иштеген жумушчулардын банктык эсептерине жаңылыштык менен 30 миң евро өткөрүлдү.

Англис ББСинин жергиликтүү басма сөзгө таяндырып берген маалыматына караганда бир болот заводунда иштеген жумушчулардын банктык эсептерине жаңылыштык менен кошумча төлөм катары 100 евронун ордуна 30 миң евро өткөрүлгөн.

Күндү жагымдуу окуя менен баштаган жумушчулардын кээ бирлери бул абалдан шектенсе, кээ бирлери бул акча менен карыздарын төлөштү. Бир канчасы да кумар ойногон.

230 жумушчудан канчасына бул суммада кошумча төлөмдүн берилгендиги белгисиз.

Фирма өткөрүлгөн акчалардын кайра берилишин каалап жатат.

Болот заводунда жумушчулардын айлык кирешеси орточо 1600 евро экендиги билдирилди.



Тектеш кабарлар