Cириянын Баб районунда эки бомбалуу кол салуу жасалды
Кол салууларды азырынча моюнга алган болгон жок.
1085555
Сирияда Евфрат калканы кыймылы менен террордон тазаланган Баб райондук борбору менен районго караштуу Каббасин аймагында бирдей убакта эки бомбалуу кол салуу жасалды.
Бомба жайгаштырылган эки мотоцикл алыстан башкаруу менен жардырылып, Баб райондук борборундагы Айше мечитинин жакындарындагы кол салууда 2, Каббасиндеги Халит Бин Велид мечитине жакын жердеги кол салууда да бир киши жеңил жараланды.
Жарандык коргоо топтору жарылуудан кийин чыккан өрттөрттү өчүрүп, коопсуздук күчтөрү коопсуздук чараларын арттырды.
Аскердик оппозициячылдардын текшерүүсүндөгү Бабдагы кол салуулардын мечиттерге жакын жерлерде болушу көңүлдөрдү бурууда. Кол салууларды азырынча моюнга алган болгон жок.