АКШдан Иракты Ирандан жаратылыш газ импорттоо үчүн санкиялардан 45 күнгө бошотту

Ирак электр станцияларына күйүүчү май өткөрүү үчүн Ирандан газ импорттоп жатат.

1084751
АКШдан Иракты Ирандан жаратылыш газ импорттоо үчүн санкиялардан 45 күнгө бошотту

АКШ Иракка Вашингтондун санкцияларына кирген  Ирандан жаратылыш газ импортунун улантылышы үчүн санкциядан 45 күндүк бошоткондугун жарыялады.

АКШнын Багдаттагы элчилиги социалдык бөлүшүү сайты фейсбук баракчасынан берген видеодо : «АКШ Ирандан жаратылыш газ алууну улантышы үчүн Иракты  санкциядан убактылуу түрдө 45 күнгө бошотту»,- деп билдирилди.

Кээ бир элчилик жетекчилери арапча сүйлөгөн видеодо : «АКШнын санкциялары элди эмес, Иран режиминин мамилесин бутага алууда»,- деген сөздөр орун алды.

Ирак электр станцияларына күйүүчү май өткөрүү үчүн Ирандан газ импорттоп жатат.

Ирактын премьер  - министри Адил Абдулмехди мындан мурунку күндөрдө өлкөсүнүн АКШнын Иранга жасаган санкциялардан бошотулгандыгын,  себеби аймактык келишпестиктерде тарапсыз экендигин айткан.

АКШ 5 -  ноябрдан баштап ишке кирген санкция пакетинин экинчи баскычынын негизинде 50 Иран банкы менен 700дөн ашуун фирма жана кишиге санкция салуу тизмесин кошкон.

АКШ башкаруусу Түркия, Түштүк Корея, Италия, Греция, Кытай, Тайвань, Индия жана Японияга 180 күн дагы Иран менен нефть соодасы тууралуу санкциядан бошоткондугун жарыялаган.

 



Тектеш кабарлар