Израиль аскерлери палестиналыктарды жаралады

Израиль аскерлери басып алган Батыш Шерианын Наблус шаарында эки палестиналыкты жаралады.

1083329
Израиль аскерлери палестиналыктарды жаралады

 Израиль аскерлери басып алган Батыш Шерианын Наблус шаарында эки палестиналыкты жаралады.  

Палетина Кызылайынан берилген маалыматта Израиль күчтөрүнүн Наблус шаарында «Юсуф макамы» деп билинген жерге фанатик еврей орутукташуучуларынын кирип сыйынуусуна каршылык көрсөткөн палестиналыктарга пластикалык ок жана көздөн жаш агызуучу газ менен кийлигишкендиги белгиленди.    

Маалыматта кийлигишүүнүн натыйжасында эки                                                                                                                                            

палестиналыктын пластикалык ок менен жаралангандыгы, жетөөсүнүн болсо ыргытылган газдан тумчугуп калуу коркунучун өткөргөндүгү билдирилди.

Көргөн күбөлөр да палестиналыктардын таш жана колдо жасалган граната ыргытуу менен каршылык көрсөткөндүгүн билдирди.

Еврейлер Батыш Шеринанын Наблус шаарындагы «Юсуф макамында» Азырети Юсуфтун кабыры экендигине ишенүүдө. Бирок бир топ археолог бул кабырдын бир канча кылымдык  гана өтмүшүнүн бар экендигин белгилеп, бул ишеничтин туура болбой тургандыгын, кабырдын Юсуф ед  - Дувейкат аттуу мусулманга таандык экендигин айтышты.



Тектеш кабарлар