Журналист Жемал Кашыкчынын балдары CNNге маалымат беришти

«Атабыздын сөөгү бизге берилмейинче үй  - бүлөбүз аза күтө албайт жана бул маселе жабылбайт».

1082077
Журналист Жемал Кашыкчынын балдары CNNге маалымат беришти

Сауд Аравиянын Стамбул консулдугунда киши колдуу болгон журналист Жемал Кашыкчынын 35 жаштагы уулу Салах менен 33 жаштагы уулу Абдуллах Кашыкчы : «Атабыздын сөөгү бизге берилмейинче үй  - бүлөбүз аза күтө албайт жана бул маселе жабылбайт»,- деди.

Жемал Кашыкчынын балдары Американын CNN каналына берген маегинде аталарын аянычтуу түрдө жоготушкандарын айтышты. Кашыкчы тууралуу «тайманбас, күчтүү» деп мүнөздөгөн бир туугандар : «Атабыздын сөөгү бизге берилмейинче үй  - бүлөбүз аза күтө албайт жана бул маселе жабылбайт»,- деди.

Салах Кашыкчы : «Азыркы учурда каалаган нерсебиз атабызды Мединадагы Ел Баки кабырына үй  - бүлөсүнүн башка мүчөлөрүнүн жанына көмүү. Саудиялык жетекчилер менен сүйлөштүм, бул маселени эң кыска убакытта ишке ашырабыз деп ойлойм»,- деди.

Кашыкчынын өлтүрүлүшү тууралуу баары сыяктуу эле  үй  - бүлөсүнүн да басма сөздөн билишкендерин белгилеген Салах : «Адамдар жооптордун бизде экендигине ишенип жатышат. Тилекке каршы жок»,- деди. Салах атасынын балдары менен неберелерине жакын болуу үчүн Вашингтондон Түркияга көчүүнү каалагандыгын билдирди.

Жиддадагы банктык ишине кыска убакытта кайтууну ойлогондугун белгилеген Салах атасынын каза болушунан кыска убакыттан кийин Сауд Аравиянын мураскер принци Мухаммед бин Селман менен кол алышып түшкөн сүрөтүнүн жаңылыш түшүнүлгөндүгүн айтты.

Тергөөнүн акырына чыгышы жана чындыктардын ортого чыгышы үчүн күтүп жатышкандарын белгилеген Салах : «Король бул ишке аралашкандардын баарын адилеттикке тапшырыларын айтып жатат. Буга ишенем. Бул болот»,- деди.

Бириккен Араб Эмирликтеринде жашаган Абдуллах Кашыкчы болсо кылмыштан мурда атасынын Түркияда экендигин угуп, бул жерге барып атасы жана атасы менен турмуш кура турган Хатиже Женгиз менен убакыт өткөргөндүгүн айтып : «Атам бактылуу эле. Аны менен жолугушуу мен үчүн бир мүмкүнчүлүк эле. Стамбулда абдан жакшы убакыт өткөрдүк. Анын акыркы учурларын көргөнүм үчүн бактылуумун»,- деди.

 

Абдуллах : «Ага эмне жасалса да кыйналбагандыр же ылдам түрдө болгондур»,- деди. Саудиялык журналист Жемал Кашыкчыдан 2 -  октябрда Сауд Аравиянын Стамбулдагы консулдугуна киргенден кийин кабар алына алган эмес.

Сауд Аравия башкаруусу 18 күндөн кийин журналист Кашыкчынын консулдукта өлтүрүлгөндүгүн кабыл алууга мажбур болгон.

Стамбул республикалык башкы прокурорлугунан берилген маалыматта : «Жемал Кашыкчы 2018 -  жылы 2 -  октябрда үй  - бүлөлүк иштери үчүн барган Сауд Аравиянын Стамбулдагы консулдугунда андан мурда түзүлгөн пландын негизинде имаратка кирери менен тумчуктурулуп өлтүрүлгөн. Сөөгү да мурунтадан түзүлгөн план боюнча бөлүкчөлөргө бөлүнүп жок кылынган»,- деп билдирилген.



Тектеш кабарлар