Кубанын мамлекет башчысы Түндүк Кореяга сапар менен барды

Кубанын жаңы шайланган президенти Мигел Диас  - Канел өлкө тышы  сапарынын негизинде Орусиядан кийин Түндүк Кореяга расмий сапар менен барды.

1082005
Кубанын мамлекет башчысы Түндүк Кореяга сапар менен барды

Кубанын жаңы шайланган президенти Мигел Диас  - Канел өлкө тышы  сапарынын негизинде Орусиядан кийин Түндүк Кореяга расмий сапар менен барды.

Түндүк Корея мамлекеттик медиасында орун алган кабарга караганда Диаз  - Канел жубайы менен жекшемби күнү борбор шаары Пхеньянга барды. Диаз  - Канелди аэропортто Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын тосуп алды.

Paekhwawon конок үйүндө бетме  - бет жолугушкан эки лидер өлкөлөрүнүн орток өткөн күнүн белгилеп араларындагы тилектештиктин улантылышын каалашкандарын билдиришти.

Расмий билдирүүдө достук атмосферада өткөндүгү белгиленген жолугушуунун мазмуну тууралу көп маалымат берилген жок. Жолугушууда  эки лидердин АКШнын экономикалык санкцияларына кирген эки өлкөнүн экономикалык кызматташуусу жана санкциялардын финансылык чыгымын азайтууга карата кадамдарды карап чыгышкандары болжолдолууда.

Диас  - Канел Рауль Кастронун кызмат мөөнөтүнүн толушунан кийин улуттук парламент тарабынан 18 -  апрелде мамлекет башчысы болуп шайланган Диас  - Канел Куба төңкөрүшүнүн башынан бери  мамлекет башчылыгын аткарып келген Кастро үй  - бүлөсүнүн тышында биринчи ысым болду.



Тектеш кабарлар