Аргентинада динозавр фосилдери табылды
Табылгалар 12 метрдик чоң динозавр менен 6 – 7 метр узундуктагы эки кичине динозаврга таандык.
Аргентинада жасалган казууда 110 миллион жыл мурункусуна таандык динозавр скелети табылды. Өлкөнүн ортоңку бөлүктөрүндө испаниялык жана аргентиналык илимпоздордун жасаган казуусунда табылган скелеттердин 3 башка динозаврга таандык экендиги жана Диплодокус, Бронтосаурус жана Лавокатисаурус түрүндөгү жаныбарлардын чөптөр менен тамактангандыгы белгиленди.
Аргентина улуттук илимий изилдөө комиссиясынын мүчөсү Жосе Луис Карбаллидо берген маалыматында : «Тапкан сөөктөр жаныбарлардын баш сөөгү, тумшугу, ээк жана тишетрине таандык. Бардык сөөктөрдү бириктирип бүтүн бир скелетти ортого чыгардык»,- деди.
Аргентина Ла Матанза улуттук университетинин билдиргенине караганда жаңы табылгалар 12 метрдик чоң динозавр менен 6 – 7 метр узундуктагы эки кичине динозаврга таандык.