АКШнын Иранга киргизген санкцияларынын экинчи баскычы башталды

Трамптын май айында Иран менен 2015-жылы түзүлгөн келишимден чыгуу чечимин жарыялашынан кийин АКШнын Казына министрлиги Иранга карай санкциялардын 90 жана 180 күндөк эки баскыч менен кайрадан ишке ашырыла баштай турганын жарыялаган.

1081475
АКШнын Иранга киргизген санкцияларынын экинчи баскычы башталды

АКШнын президенти Дональд Трамптын, Иран менен түзүлгөн «Ядролук» келишимден бир беткей түрдө чыгуусунан кийин ишке ашыра турган санкциялардын «энергетика, финансы жана кеме транспортун» камтыган экинчи баскычы Түркия убактысы боюнча саат 8:00дөн тарта күчүнө кирди.

Трамптын май айында Иран менен 2015-жылы түзүлгөн келишимден чыгуу чечимин жарыялашынан кийин АКШнын Казына министрлиги Иранга карай санкциялардын 90 жана 180 күндүк эки баскыч менен кайрадан ишке ашырыла баштай турганын жарыялаган.

Ушул алкакта 90 күндөн кийин алгачкы санкциялар 7-августта процесске кирди.

АКШнын Казына министрлиги чыгарган 180 күндүк процесстин толушу менен экинчи баскыч санкциялар болсо бүгүн Түркия убактысы боюнча саат 8:00дөн тарта күчүнө кирди.

Экинчи баскычтагы санкциялар 6 беренеден турат.

Беренелердин башында Ирандын порт операторлору, кемечилик жана кеме курулушу секторлору турат. Санкциялар, Иран Ислам Республикасынын Кеме иштетүү багыттары, Түштүк кеме иштетүү багыты сыяктуу фирмаларды жана буларга тиешеси болгон фирмаларды камтыйт.

Казына департаментинин санкцияларынын экнчи беренеси болсо мунай затка байланыштуу процедураларды камтыйт. Ирандын Улуттук мунай зат фирмасы (NIOC) жана Улуттук танкер фирмасы (NITC) сыяктуу мекемелерди да камтыган санкциялар, Ирандан мунай зат, мунай зат товарлары же нетофимия продукцияларынын сатылып алынышына эл аралык чектөөлөрдү коет.

Санкциялардын берки максатында болсо чет элдик финансы мекемелеринин Ирандын Борбордук банкы жана ирандык айрым финансы уюмдары менен жасаган иштерин камтыйт.

Иранга багытталган санкциялардын 5-жана 6-беренелеринде ортомчу жана камсыздоо фирмалары менен Ирандын энергетика секторуна карай чектөөлөрдү камтыйт.

Бир тараптан АКШнын Казына министри Стивен Мнучин, мурдагы күнү берген маалыматында бүгүн күчүнө кирген санкциялардын алкагында ирандык 700дөн ашык киши жана уюмдардын дагы кара тизмеге киргизиле турганын айткан.

Бул учурда АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео, жума күнкү жарыясында Ирандан мунай зат импортун абдан азайткан бирок толук жое албаган 8 өлкөгө, мунай зат импорту үчүн убактылуу жеңилдик бериле турганын, бул өлкөлөрдүн 5-ноябрда жарыялана турганын айткан болчу.

Помпео, санкциялар жагынан Европа Биримдигине эч бир жеңилдик берилбей турганын белгилеп кеткен.



Тектеш кабарлар