Дональд Трамп АКШга карай келе жаткан качкын конвоюна байланыштуу Ак үйдө маалымат берди
Трамп : «Эрежеледерибизди жокко чыгарып өлкөбүзгө киргендер, эми автоматтык түрдө өлкөбүздө жашоо укугу болбойт»,- деди.
АКШнын президенти Дональд Трамп келерки жумада жаңы бир президенттик жарлыкка кол коюп, өлкөгө мыйзамсыз жолдор менен кирген качкындардын кайрылууларынын жолун тосууну пландагандарын белгиледи. Трамп Латын Америка өлкөлөрүнөн АКШга карай келе жаткан качкын конвоюна байланыштуу Ак үйдө маалымат берди.
«Башпаанек каалаган качкындардын мыйзамга ылайык түрдө чек аралардагы расмий текшерүү жерлеринде болушу керек»,- деген Трамп : «Эрежеледерибизди жокко чыгарып өлкөбүзгө киргендер, эми автоматтык түрдө өлкөбүздө жашоо укугу болбойт»,- деди.
Трамп өзгөчө мыйзамсыз жолдор менен өлкөгө кирип башпаанек үчүн кайрылгандардын алдын тосуу үчүн келерки жумада бир Президенттик мыйзамга кол койорун жарыялады.
АКШ иммиграция жана жарандык мыйзамы өлкөгө керек болсо мыйзам чегинде, керек болсо мыйзамсыз жолдор менен кирген качкындардын башпаанек кайрылуусуна мүмкүнчүлүк берүүдө.
Тектеш кабарлар
Кремль орус жарандарына Ливандан чыгып кетүүнү сунуштады
Песков Израилдин Ливанга кол салууларына байланыштуу журналисттерге билдирүү жасады.