Дональд Трамп Пенсильванияда кол салуу болгон синагогага барды

Синагоганын тегерегинде чогулган миңдеген киши Трампка каршы плакаттарды ачышты.

1078921
Дональд Трамп Пенсильванияда кол салуу болгон синагогага барды

АКШнын президенти Дональд Трамп Пенсильвания аймагынын Питсбург шаарында куралдуу кол салуу жасалган синагогага барды.

Дональд Трамп жубайы Мелания, кызы Иванка жана күйөө баласы  Жаред Кушнер менен куралдуу кол салууда 11 киши каза болгон жана 6 киши жараланган «Өмүр дарагы» аттуу синагогага барды.

Трамп жана коштоосундагылар синагоганын раввини тарабынан тосуп алынды. Синагоганын тегерегинде чогулуп плакаттарды ачкан миңдеген киши : «Бул жерде сени каалабайбыз», «Сенин саясаттарың жараткан жек көрүүгө каршыбыз»,- деген ураандар менен Трампка каршылык көрсөтүштү. Сапарында сөз сүйлөбөгөндүгүнө көңүл бурулган Трамп андан кийин жаралуулар дарыланып жаткан ооруканага барды.

Жетекчилер 46 жаштагы АКШ жараны Роберт Боверс экендигин билдирген куралдуу кол салуучунун камоого алынгандыгын жана ооруканага алып барылгандыгын билдиришкен.

АКШ медиасында орун алган кабарларда кол салуучунун кылмышынын жок экендиги жана кол салуу учурунда : «Бардык еврейлер өлүшү керек»,- деп кыйкыргандыгы билдирилген.

Дональд Трамп болсо кол салуудан кийин берген маалыматында мындай кол салуучуларга өлүм жазасынын берилиши керектигин айткан.



Тектеш кабарлар