Иранда чаң бороонунан 120 киши ооруканага жаткырылды

Зыяндуу бөлүкчөлөрдүн тыгыздыгынын метр кубуна 4 миң 580 микрограмм деп өлчөлгөндүгү билдирилди.

1077646
Иранда чаң бороонунан 120 киши ооруканага жаткырылды

Ирандын түштүгүндөгү Систан  - Белужистан аймагында кечээтен бери болуп жаткан чаң жана топурак бороонунан улам 120 киши ооруканага жаткырылды.

Систан  - Белужистан губернатору Кризисти башкаруу борборунун директору Абдулрахман Шехневази аймактын Систан шаарындагы чоң жана топурак бороонунан кийин дем алуу жолдору, жүрөк жана көз оорусу менен ооруканаларга келген 120 кишинин дарыланууга алынгандыгын айтты.

Иран расмий маалымат агенттиги ИРНАдагы маалыматында Шехневази аймактын түндүгүндө шамалдын саатындагы ылдамдыгынын 80 километрден ашкандыгы жана катуу шамалдан улам пайда болгон зыяндуу бөлүкчөлөрдүн тыгыздыгынын метр кубуна 4 миң 580 микрограмм деп өлчөлгөндүгүн билдирди.

Адам саламаттыгы үчүн бул бөлүкчөлөрдүн тыгыздыгынын метр куб башына 150 микрограмм болушу керектигине көңүлдөрдү бурган Шехневази аймактагы абанын булганышынын бул чектен 31 эсе жогору экендигин жана ыңгайсыз аба шарттарынын күнүмдүк турмушка тескери таасир тийгизгендигин айтты.



Тектеш кабарлар