АКШ мусулмандарынан жардам кампаниясы
25 миң долларлык максатка бир гана 6 саатта жетишкен жардам кампаниясы чогултулган сумманын 75 миң доллардан ашкандыгын билдирди.
Америкалык мусулмандар өлкөнүн Пенсильвания аймагынын Питтсбург шаарында синагогага жасалган кол салууну айыптап, каза болгондордун үй - бүлөлөрү үчүн жардам кампаниясын баштады.
Америка - ислам карым - катнаштары кеңеши да билдирүүсүндө кол салууну «коркоктук жана саткындык» деп мүнөздөп : «Бул трагедияны жашаган жана толук колдоо берген коңшуларыбызга каалгаларыбыз дайыма ачык»,- деди.
Бир тараптан америкалык мусулмандар : «Мусулмандар Питтсбург синагогасынын курмандыктары үчүн биригип жатат» деген темада жардам кампаниясын баштатып, кол салууда каза болгон жана жараланган үй - бүлөлөр үчүн акча чогулта башташты.
25 миң долларлык максатка бир гана 6 саатта жетишкен жардам кампаниясы чогултулган сумманын 75 миң доллардан ашкандыгын билдирди.