Орусиянын президенти В. Путин Сауд Арабиянын королу менен телефон аркылуу сүйлөштү

Сүйлөшүүдө саудиялык журналист Жемал Кашыкчы маселеси да каралды.

1075998
Орусиянын президенти В. Путин Сауд Арабиянын королу менен телефон аркылуу сүйлөштү

Орусиянын президенти В. Путин телефон аркылуу Сауд Арабиянын королу Селмен Бин Абдулазиз менен сүйлөшүү өткөрдү. Сүйлөшүүдө саудиялык журналист Жемал Кашыкчынын киши колдуу болгондугу каралды.

Кремлдин басма сөз кызматынан берилген маалыматта Путин менен Король Селмандын телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөндүгү билдирилди. Маалыматта эки лидердин журналист Жемал Кашыкчынын киши колдуу болгондугу каралып, Сирия жана Жакынкы Чыгышта болгон акыркы абалдарды да карап чыгышкандары билдирилди.

Король Селмандын Сауд Арабияга келиши үчүн Путинге жасалган чакырыгын ырастагандыгы баса белгиленген маалыматта : «Сүйлөшүүдө Путин менен Король Селман энергетика сектору да болгон эки өлкөнүн ортосундагы кызматташууну да сүйлөшүштү»,- деп билдирилди.

«Washington Post» гезитинин жазуучусу саудиялык журналист Жемал Кашыкчы Стамбул башкы консулдугуна баргандан кийин жоголгон. Сауд Арабия башкаруусу 20 -  октябрда Кашыкчынын «консулдук имаратында чыккан чыр  - чатакта каза болгондугун» билдирген.



Тектеш кабарлар