Европа Парламентинен Кашыкчынын (Хашогги) өлтүрүлүшүн териштирүү чечими чыкты

Долбоор Башкы ассамблеяда 1 каршы 325 макул добушу менен кабыл алынды.

1075788
Европа Парламентинен Кашыкчынын (Хашогги) өлтүрүлүшүн териштирүү чечими чыкты

Европа Парламентинин Башкы ассамблеясында 7 башка саясий топтун сунушу боюнча даярдалган саудиялык журналист Жемал Кашыкчынын (Хашогги) өлтүрүлүшүн айыптаган жана эл аралык териштирүү чакырыгын салган токтом долбоору добушка коюлду.

Долбоор Башкы ассамблеяда 1 каршы 325 макул добушу менен кабыл алынды.

Кашыкчынын өлтүрүлүшү «абдан күчтүү» түрдө айыпталган токтомдо, саудиялык жооптуу кызматтагыларга Кашыкчынын сөөгүнүн кайда экени жөнүндө маалымат беришине чакырык салынып, «адам уурдоо жана сотсуз өлтүрүүнүн» адамзатка каршы жасалган кылмыш болгону белгиленди.

Токтомдо, Кашыкчынын өлтүрүлүшү боюнча көз карандысыз жана тарапсыз эл аралык териштирүү башталышы талап кылынды.

Териштирүүнүн эл аралык байкоочулар дагы катышкан «тарапсыз сот» тарабынан ишке ашырылышы жана териштирүүнүн эл аралык стандарттарга ылайыктуу түрдө жүргүзүлүшү керектиги белгиленди.

Түркия жана Сауд Арабиянын ортосунда жүргүзүлгөн биргелешкен иштин күчтөндүрүлүшүнө чакырык ташталып, саудиялык жооптуу кызматтагылардан түрк кесиптештери менен «толук кызматташтык кылышы» талап кылынды.

Токтомдо, Кашыкчынын өлтүрүлүшү боюнча саудиялык жооптуу кызматтагылардын аныкталган учурунда бүтүндөй Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн санкция киргизүү чечимин чыгарууга даяр болушуна чакырык салынды.

Санкциялардын тийиштүү саудиялык жооптуу кызматкерлерге виза тыюу салуусу жана капиталдарынын тоңдурулушу түрүндө боло турганы айтылган токтомдо, бардык маалыматтардын бети ачылгандан кийин Сауд Арабияга карай адам укуктары боюнча санкциялар киргизилиши керектигине басым жасалды.

Токтомдо санкциялардын бир гана кылмышты кылган кишилер эмес, ошол эле учурда кылмышты пландаган жана кылдыргандардын бутага алынышы керектиги белгиленди.

Токтомдо, мураскор канзаада Мухаммед бин Салмандын маалыматы же текшерүүсү болбостон ушундай кылмыштын кылына албай турганына басым жасалды.

ЕБ Кеңешинен Сауд Арабияга ЕБнин жалпысында курал эмбаргосу ишке ашырылышы үчүн биргелешкен иш-аракет белгилөө талап кылынган токтомдо, буга Сауд Арабия бийлиги тарабынан кысым инструменти катары колдонула турган байкоо системаларынын дагы кошулушу керектиги маалымдалды.

Кашыкчынын өлтүрүлүшүн акыркы жылдарда Сауд Арабия бийлигине карай сындоолору менен байланышы болгону санааркоолору болгонуна көңүл бурулган токтомдо, Сауд Арабияга негизги укуктар темасында ачылыш жасоо чакырыгы салынды.

Мүчө өлкөлөрдөн 5-ноябрда Женевада өтө турган БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин жыйналышында Сауд Арабиянын адам укуктарына байланыштуу абалынын күн тартипке алып чыгылышы талап кылынган токтомдо, Эл-Рияд бийлигинин Кеңештеги мүчөлүгүнүн талкууга алынышы талап кылынды.



Тектеш кабарлар