БУУда Мьянма жыйналышына бөгөт койгусу келгендердин тилегин таш капты

Эл аралык Мьянма боюнча көз карандысыз иликтөө миссиясынын БУУнун Коопсуздук кеңешин маалыматтандыруусуна каршы чыккан Кытай, Орусия жана Боливия жыйынды токтотууга аракет жасады.

1075671
БУУда Мьянма жыйналышына бөгөт койгусу келгендердин тилегин таш капты

Мьянмада аракандык мусулмандарга геноцид кылынганын документтештирген БУУнун Эл аралык Мьянма боюнча көз карандысыз иликтөө миссиясынын БУУнун Коопсуздук кеңешин маалыматтандыруусуна каршы чыккан Кытай, Орусия жана Боливия жыйынды токтотууга аракет жасады.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин турурктуу мүчөлөрү Кытай, Орусия жана кеңештин убактылуу мүчөсү, сентябрь айынын кезектеги жетекчиси Боливия, жыйналыштын өткөрүлө алышы үчүн добушуа салууну талап кылды жана добушка салууда жетиштүү болгон 9 добуш берилген соң жыйналыштын өткөрүлүшүнө бөгөт боло алган жок.

АКШ, Франция,Англия жана дагы 6 өлкө жыйналыштын өткөрүлүшүн жактап добуш беришсе, Эфиопия, Экваториалдык Гвинеясы жана Казакстан арсар болуп калышты.

Аракандагы мусулмандарга карата болгон адамзат кылмышы, Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде талкууланды.

Бириккен Улуттар Уюмунун Мьянма боюнча көз карандысыз иликтөө миссиясынын башчысы Марзуки Дарусман, Аракан мусулмандарына каршы жасалган тукум курут кылуу саясатынын улантылып жатканын билдирди. Дарусман, Аракан окуясы геноцид катары кабыл алынган 5 пункттун 4үнө жооп берээрин баса белгиледи.

Мьянмар өкмөтүнүн аракандыктарды тукум курут кылуу аракетин четке кагып жатканынына токтолгон Дарусман, "Мьянма, жазасыз кала берсе, зомбулук сөзсүз кайталанат",- деди.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына ылайык 2017-жылдын 25-августунан бери Аракандан Бангладешке баш калкалагандардын саны 720миңге жетти.



Тектеш кабарлар