Батыш Африка эболанын айынан 7 миллиард доллар жоготту
Батыш Африка өлкөлөрүндө 2014 – 2017- жылдары чыккан эпидемияда 30 миңге жакын кишиге эбола вирусу жуккан жана 11 миңден ашуун киши каза болгон.
Батыш Африка саламаттык сактоо уюмунун башкы директору профессор Стенли Около эболанын 2014 - жылдан бери континентте олуттуу материалдык чыгымга себеп болгондугун айтты. Около : «Батыш Африка өлкөлөрү катары 2014 - жылы эбола эпидемиясы менен бетме – бет келдик. Бул жерде экономикалык жана адамзаттык өнүгүү жактан 7 миллиард доллар жоготтук»,- деди.
Эболадан улам болгон жоготуунун бир гана материалдык эле жоготуу болбогондугуна көңүл бурган Около эпидемиядан таасирленген миңдеген кишинин бар экендигин баса белгиледи. Около Батыш Африка өлкөлөрүнө да чакыруу салып : «Эпидемияга каршы күрөштө биринчи 48 саат абдан маанилүү. Ушул себептен бардык өлкөлөр эпидемияга каршы керек болгон чараларды көрүүгө мажбур»,- деп эскертти.
Эбола Сиерра Леоне, Либерия, Гине, Нигерия жана Сенегал да араларында болгон бир топ өлкөдө чыккан эбола биринчи жолу 1976 - жылы Конго демократиялык республикасында чыгып, 2013 - жылы декабрь айында Батыш Африкада кайрадан чыкты.
Батыш Африка өлкөлөрүндө 2014 – 2017- жылдары чыккан эпидемияда 30 миңге жакын кишиге эбола вирусу жуккан жана 11 миңден ашуун киши каза болгон.