Путин Трамп менен Францияда жолугушууну сунуштады

Путин, расмий сапар менен өлкөсүнө келген АКШнын улуттук коопсуздук кеңешчиси Жон Болтон менен Кремл сарайында жолукту.

1074409
Путин Трамп менен Францияда жолугушууну сунуштады

Орусиянын президенти Владимир Путин, АКШнын президенти Дональд Трамп менен 11-ноябрда Францияда өтө турган иш-чара убагында жолугушуу сунушун кылды.

Путин, расмий сапар менен өлкөсүнө келген АКШнын улуттук коопсуздук кеңешчиси Жон Болтон менен Кремль сарайында жолукту.

Владимир Путин, АКШнын «Анти-баллистикалык ракета» келишиминен чыкканын билгендерин, бир канча күн мурда «Орто аралыкка учуучу Ядролук күчтөр» келишиминен чыгуу ниети болгонун уккандарын билдирди.

Стратегиялык куралдардын азайтылышы келишими-3түн (START-3) процессинин узартылышы темасында дагы АКШ бийлигинин санааркоолорун билгендерин белгилеген Путин, космоско ракеталык коргонуу системаларынын элементтерин жайгаштыруу ниеттерин дагы уккандарын айтты.

Путин: «Менин билишимче АКШнын мамлекеттик гербинде бир бүркүт сүрөттөлөт. Бүркүт, бир жагында 13 жебе, экинчи жагында тынчтык саясаттарынын символу катары 13 зайтун мөмөсү орун алган зайтун бутагын кармап турат. Маселе бул; Бүркүт зайтундарды жеп салып жебелер гана калдыбы?»,-деди.

АКШ менен түздөн-түз диалогдун пайдалуу боло турганын айткан Путин, 11-ноябрда Франциянын борбор шаары Парижде 1-Дүйнөлүк согуштун соңуна чыгышынын 100-жылдыгынан улам өткөрүлө турган иш-чарада АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугушууну сунуштады.

Болтон болсо Трамптын Путин менен Парижде жолукканы үчүн кубана турганын айтты.

Болтон, Путиндин АКШнын мамлекеттик гербиндеги зайтун бутагы тууралуу суроосуна болсо, «Сиз сураган суроолорго жооп таба алам деп ойлойм, бирок мен зайтун бутагы жана зайтундарды жанымда ала келген жокмун. Эгерде эсиңизде болсо зайтун бутагы бүркүттүн оң манжаларында турат жана ушундай түрдө алдыңкы планда экенин көрсөтүүдө»,деген жоопту берди.



Тектеш кабарлар