Трамп бар болсо Түркиядан үн жана видео талап кылгандарын айтты
Дональд Трамп, Ак үйдө медиа мүчөлөрүнүн Кашыкчы тууралуу суроолоруна жооп берди.
![Трамп бар болсо Түркиядан үн жана видео талап кылгандарын айтты](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/3ffc/db12/03fe/5bc77a92a7165.jpg?time=1718725814)
АКШнын президенти Дональд Трамп, Түркиядан саудиялык журналист Жемал Кашыкчынын жоголгону тууралуу, бар болсо үн жана видео талап кылгандарын айтты.
Дональд Трамп, Ак үйдө медиа мүчөлөрүнүн Кашыкчы тууралуу суроолоруна жооп берди.
Трамп: «Түрк өкмөтү үн жана видео маалыматтары бар экенин айтууда?» деген суроого, «Эгерде бар болсо (бул маалыматтарды) биз талап кылдык»,-деп жооп берди.
«Үн жана видео каттоолору бар болсо таң каласызбы?» деген суроого, «Жок. Болуп болбогонунан так маалыматым жок, бирок болуш керек. Майк Помпео Түркиядан АКШга кайтып келгенде андан кеңири отчет алам»,-деп жооп берди.
Трамп, Майк Помпеону окуя болгондон эки жума өткөн соң Сауд Арабияга жөнөткөн.
Помпео Рияддагы жогорку жетекчилер менен жолугушуусунан кийин борбор шаар Анкарага келип президент Режеп Таййип Эрдоган жана тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен жолукту.
Тектеш кабарлар
![Газада 37 миң 372 адам каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/9ade/0a35/d862/66717173928b9.jpeg?time=1718725814)
Газада 37 миң 372 адам каза болду
Газа өкмөтүнүн медиа кеңсеси Газа тилкесиндеги ачкачылык кризисине байланыштуу маалымат берди.