Путин, ДЕАШ Сирияда Америка жана Европанын атуулдарын туткунга алганын айтты

Путин өлкөсүнүн борбор шаары Москвада Эл аралык ой-пикир клубунда сөз сүйлөдү.

1071571
Путин, ДЕАШ Сирияда  Америка жана Европанын атуулдарын туткунга алганын айтты

Орусиянын президенти Владимир Путин, террордук уюм ДЕАШтын Сирияда Евфрат дарыясынын түштүгүндө Америка жана Европанын атуулдарын туткунга алганын айтты.

Путин өлкөсүнүн борбор шаары Москвада Эл аралык ой-пикир клубунда сөз сүйлөдү.

Сөзүндө Сирияда террор уюму ДЕАШтын кыймылдарына токтолгон Путин, бул кыймылдардын АКШнын көзөмөлүндөгү аймакта болуп жатканына басым жасады.

Путин, АКШнын Евфраттын түштүк чыгышындагы аймактарда милдеттерин толук орундатып жатканын белгилеп, мунун жыйынтыгында террор уюму ДЕАШтын аймактагы кыймыл аракетинин артканына көңүл бурду.

«Евфрат дарыясынын чыгышында АКШнын көзмөлүндөгү аймакта эмне болгонун эч ким билбейт»,-деп айткан Путин: «Ал жерде дагы деле ДЕАШ күчтөрү бар. ДЕАШ Евфрат дарыясын бойлой АКШнын көзөмөлүндөгү аймакта күчүн арттырууда. Террористтер бардыгы 700 кишини туткунга алды жана 10 кишини өлтүрдү»,-деп айтты.

Путин, ДЕАШтын туткунга алгандарынын арасында Америка жана Европанын атуулдары дагы бар экенин кошумчалады.



Тектеш кабарлар