Орусиянын тышкы иштер министри Жемал Кашыкчы тууралуу оюн билдирди

Сергей Лавров Жемал Кашыкчы тууралуу тергөөнүн кыска убакыттын ичинде башталышына карата чакырууларды колдогондугун белгиледи.

1070418
Орусиянын тышкы иштер министри Жемал Кашыкчы тууралуу оюн билдирди

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров судиялык журналист Жемал Кашыкчынын жоголушуна байланыштуу  тергөөнүн кыска убакытта аткарылышы керектигин айтты. Лавров Euronews телекөрсөтүү каналындагы маегинде Сауд Арабиянын Стамбулдагы башкы консулдугуна киргенден кийин жоголгон саудиялык журналист Жемал Кашыкчы окуясына байланыштуу  пикирин билдирди.

Окуя тууралуу тергөөнүн кыска убакыттын ичинде башталышына карата чакырууларды колдогондугун белгилеген Лавров : «Бул чакырууларды мен да колдоймун. Тергөөнүн жүргүзүлүшү тууралуу Түркия жана Сауд Арабиянын ортосунда түзүлгөн келишимди колдойбуз. Жыйынтыктардын дүйнөлүк коомчулук менен бөлүшүлөрүн ойлоп жатам»,- деди.

Сауд реформисттер үчүн негизги бир платформа болгон «Al Watan» гезитине салымын кошкон жана «Washington Post» гезитинин жазуучусу Жемал Кашыкчыдан 2 -  октябрда  Сауд Арабиянын Стамбул башкы консулдугуна кирген бойдон кабар алына алган эмес.



Тектеш кабарлар