Данфорд Манбиж тууралуу маалымат берди

Жосеф Данфорд, Вашингтондо Трамптын ДЕАШ менен күрөшүү бөлүмүнүн атайын өкүлү Бретт МакГурк менен чогуу маалымат жыйыны өткөрдү.

1070702
Данфорд Манбиж тууралуу маалымат берди

Америкалык генерал Жосеф Данфорд, Вашингтондо Трамптын ДЕАШ менен күрөшүү бөлүмүнүн атайын өкүлү Бретт МакГурк менен чогуу маалымат жыйыны өткөрдү.

Данфорд жыйында, эки шериктеш өлкөнүн Манбиждеги нөөмөт кызматынын кечигиши тууралуу суроого, координацияланган эркин нөөмөт кызматы башталганын маалымдады. Манбиждин жол картасынын калганы үчүн пландоо жүргүзүлүп жатканын да кошумчалады.

Данфорд, биргелешкен нөөмөт кызматы тууралуу алгач жумушчу күчүн пландоону өздөштүрүү керек экенин да айтып өттү. Андан кийин биргелешкен нөөмөт кызматына тандалган кызматкерлерге билим берүүнүн күтүп турганын айтып өттү.

Түркиянын генштабынын төрагасы, армия генералы Яшар Гүлер менен акыркы үч жумада эки жолу жолукканын эске салган Данфорд, "Ушул тапта Президент Эрдоган менен президент Трамптын бизге Манбижде коопсуздукту камсыз кылуу тууралуу берген тапшырмаларын орундаттык деп ишенебиз" деди.


Этикеткалар: #Данфорд

Тектеш кабарлар