Сауд Арабияда бир аскердик машыгуу учагы кырсыкка учурады

Кырсыкта экипаждагы 2 кишинин каза болгондугу билдирилди.

1069811
Сауд Арабияда бир аскердик машыгуу учагы кырсыкка учурады

Сауд Арабиянын түндүк батышындагы аскердик машыгуу учагы кырсыкка учурады. Жергиликтүү медиада берилген кабарларга караганда түндүк батышындагы Тебук аймагында Хавк моделиндеги аскердик машыгуу учагы белгисиз себеп менен кырсыкка учурады.

Учактын экипажындагы эки кишинин каза болгондугу билдирилди. Кырсык тууралуу азырынча расмий маалымат бериле элек.



Тектеш кабарлар