Орусия, Түркия менен түзүлгөн Сочи келишимине ыраазы
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, борбор шаар Москвада Түркия менен Орусиянын ортосунда Сириянын Идлиб аймагында ок атышпоонун корголушуна карай жетишилген Сочи келишими тууралуу журналисттерге маалымат берди.
![Орусия, Түркия менен түзүлгөн Сочи келишимине ыраазы](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/13dd/a3ea/c284/5af309e8cb024.jpg?time=1718788903)
Орусия, Түркия менен түзүлгөн Сочи келишимине ыраазы экенин жарыялады.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, борбор шаар Москвада Түркия менен Орусиянын ортосунда Сириянын Идлиб аймагында ок атышпоонун корголушуна карай жетишилген Сочи келишими тууралуу журналисттерге маалымат берди.
Бул тема тууралуу орус армиясынан отчет алгандарын белгилеген Песков: «Бул отчетторго караганда келишим ишке ашырылууда. Албетте айрым кыйынчылыктар бар, бирок Орусиянын армиясы дагы түрк өнөктөштөрүбүздүн иштерине ыраазы болууда»,-деп айтты.
Президент Режеп Таййип Эрдоган жана Орусиянын президенти Владимир Путин, 17-сентябрда Сочиде жолугуп Идлиб чыңалууну азайтуу аймагындагы ок атышпоонун корголушу темасында макулдашууга жетишти.
Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, кечээки жарыясында Идлибде процесс пландалганы сыяктуу уланганын белгилеп «Убадаларыбызга турабыз»,-деп айткан.
Тектеш кабарлар
![Израиль күчтөрү Батыш Шериада зулумдугун улантууда](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/3f67/29b3/2e02/667280a505092.jpg?time=1718788904)
Израиль күчтөрү Батыш Шериада зулумдугун улантууда
Израиль аскерлери жүргүзгөн рейддерде 1 палестиналык өлтүрүлүп, көп сандаган палестиналык жараланды.